Кыргызстандык Нурсултан Алтыбаев Түштүк Корея президентинин сыйлыгына татыды. Бул тууралуу ал өзү социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
Маалымдалгандай, мекендешибиз Сеул шаарында чет өлкөлүктөр арасында жарыяланган Түндүк жана Түштүк Кореяны "Тынчтык жолу менен бириктирүү" боюнча конкурста биринчи орунга ээ болгон.
Конкурстун алкагында Алтыбаев 2 ай бою изилдөө жүргүзүп, презентацияга даярдаган.
Конкурс Түштүк Кореянын президенти төрагалык кылган “Демократия жана тынчтыкта бириктирүү” консултативдик кеңеши тарабынан уюштурулду.
Анын биринчи туру сентябрь айында өткөн. Анда катышуучулар Түндүк жана Түштүк Кореяны кантип тынч жол менен бириктирүүгө болот, кайсы кадамдар жасалышы керек, кандай көйгөйлөр пайда болушу мүмкүн деген сыяктуу суроолордун негизинде изилдөө жүргүзүп, сунуштарды беришкен.
Нурсултан Алтыбаевдин изилдөөсү жактырылып, конкурстун 1-турунан өткөн. Финал 23-октябрда болгон. Мекендешибиз грамота жана 1.000.000 вон акчалай сыйлыктын ээси болду.
Ал учурда Түштүк Кореяда иштейт.