Түштүк Кореянын президентинин сыйлыгынын ээси: "Биринчи орунду камсыз кылуу мен үчүн чоң сыймык"

"Сеулда өткөн сынакта биринчи орунду камсыз кылып, Туштүк Кореянын президентинин сыйлыгына ээ болуу мен үчүн чоң сыймык", - дейт Нурсултан Алтыбаев SUPER.KG порталына маек берип жатып.

Ал Түндүк жана Түштүк Кореяны "Тынчтык жолу менен бириктирүү" боюнча сынактын алкагында 2 ай бою изилдөө жүргүзүп, презентацияга даярдаган.

Анда катышуучулар Түндүк жана Түштүк Кореяны кантип тынч жолу менен бириктирүүгө болот, кайсы кадамдар жасалышы керек, кандай көйгөйлөр пайда болушу мүмкүн деген сыяктуу суроолордун негизинде изилдөө жүргүзүп, сунуштарды беришкен.

"Презентациямда эки өлкөнү бириктирүү үчүн негизги үч маселеге токтолдум. Экономикалык, коопсуздук жана социалдык маселелер. Бул маселелерди чечүүнүн бирден бир жолу Тундүк Корея менен Туштүк Кореяны бириктирүү керектигин айттым. Эки өлкөнүн биригүүсү үчүн көп убакыт жана социалдык чыгымдар талап кылына турганын, бирок азыртадан баштап эки өлкөнүн жаштарын бириктирүү иш- чараларын уюштуруу керектигин белгиледим. Бирок шашылыш кабыл алынган чечимдер бир топ көйгөй жаратышы мүмкүн экенин айттым. Мисалы, алар баары бир 70 жылдан бери өз алдынча улут болуп калыптанып калган, бириккенден кийин улут аралык коопсуздук маселеси козголушу мүмкүн экенине көңүл буруу керектигин баса белгилегем. Эгерде эки өлкө бириге турган болсо, дүйнө жүзүнө, анын ичинде Кыргызстанга да пайда болорун айтып, презентациямды жыйынтыктадым", - дейт мекендешибиз.

Эскерте кетсек, Нурсултан Алтыбаев Сеул шаарында чет өлкөлүктөр арасында жарыяланган Түндүк жана Түштүк Кореяны "Тынчтык жолу менен бириктирүү" боюнча конкурста биринчи орунга ээ болгон.

Сынак Түштүк Кореянын президенти төрагалык кылган “Демократия жана тынчтыкта бириктирүү” консултативдик кеңеши тарабынан уюштурулду.

Анын биринчи туру сентябрь айында өткөн. Анда катышуучулар Түндүк жана Түштүк Кореяны кантип тынч жол менен бириктирүүгө болот, кайсы кадамдар жасалышы керек, кандай көйгөйлөр пайда болушу мүмкүн деген сыяктуу суроолордун негизинде изилдөө жүргүзүп, сунуштарды беришкен.

Нурсултан Алтыбаевдин изилдөөсү жактырылып, сынактын 1-турунан өткөн. Финал 23-октябрда болгон. Мекендешибиз грамота жана 1.000.000 вон акчалай сыйлыкка татыктуу болду.

Нурсултан Алтыбаев Түштүк Кореянын Ханян университетинин бүтүрүүчүсү, Unicourse окуу борборунун Бишкектеги директору. Ал Түштүк Кореяда окуп, иштеп келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан