Ноябрдын алгачкы күнү эки конушта таза суу берилбейт

1-ноябрда Бишкек шаарынын эки конушунда таза суу убактылуу берилбейт. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлайт.

Таза суу шаардын төмөнкү бөлүктөрүндө үзгүлтүккө учурайт:

  • Мурас-Ордо конушу саат 09:00дөн 18:00гө чейин;
  • Калыс-Ордо конушу саат 09:00дөн 15:00гө чейин.

Мурас-Ордо, Калыс-Ордо суу топтомолорунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт.

«Бишкексууканал» башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну камдап алууларын суранат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан