Бүгүн, 27-октябрда УКМКнын Чек ара кызматында жогорку билими бар жоокерлерге “апастагы лейтенант” биринчи офицердик наамы ыйгарылды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, былтыркы жылы күзүндө аскерге чакырылган жогорку билимдүү 70ке жакын жоокер чек аранын бөлүмчөлөрүндө кызмат өтөшкөн.
“Лейтенант” офицердик наамын алардан мурда алар бир ай бою “взвод командири” кызмат ордундагы ишмердүүлүгүндө керектелүүчү практикалык жана теориялык билимди жана ыкмаларды өздөштүрүп, аталган кызмат орундун күжүрмөн-кызматтык ишмердүүлүгүндөгү иш-аракеттер, кызмат өтөөсүнүн кошумча багыттары жана ыкмалары менен таанышты", - деп айтылат маалыматта.
Атайын кызматтан кошумчалашкандай, өткөрүлгөн жыйын максатына жетип, аскер кызматкерлер тынч жана согуш мезгилиндеги күжүрмөн аракеттер кандай жүрөрүн, тарамдарды башкарууну, аскердик кызмат жана тарбия иштерин уюштура билүүнү, курал-жарак жана аскердик техникаларды пайдалана билүүнү, аларды сактоо эрежелерин окуп үйрөнүп, Куралдуу күчтөрдүн уставдагы талаптарын толук кандуу өздөштүрүштү.