Кимчи жасоо, салттуу суусундуктарды даамдоо. Бишкекте кимчи фестивалы өтөт

Бишкек шаарында 29-октябрь күнү Корея Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан уюштурулган "Кореялык Кимчи фестивалы жана салттуу шараптын дегустациясы" аттуу иш-чара өтөт. Бул тууралуу шаардык мэрия маалымдайт.

Белгилүү болгондой, 2013-жылы кимчи жасоо маданияты ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурас статусун алган. Кимчи - туздалган капуста жана ачуу татымалдар менен жасалган корейлердин салаты.

"Кимчи, корей шараптарын даамдоо фестивалы, кимчи жасоону жана салттуу суусундуктардын ар кандай түрлөрүнүн дегустациясын жайылтуу жана уюштуруу аркылуу корей ашканасын салттуу суусундуктарын таанытуу үчүн маанилүү окуя болуп саналат", - деп айтылат маалыматта.

Иш-чара Курманжан Датканын эстелигинин алдындагы аллеяда саат 11:00дөн 15:00гө чейин өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан