Эмгек министри социалдык мекемелер кыш мезгилине даяр экенин айтты

Өлкөдөгү социалдык мекемелер (карылар, балдар жана майыптар үчүн интернаттар) кыш мезгилине даяр. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Токмоктогу эркектердин психоневрологиялык интернатына барганда билдирди.

Эмгек министрлигинин башчысы түшүндүргөндөй, жылытуу мезгилине даярдык жай мезгилинен бери жүргүзүлүп келген.

"Министрлик тарабынан бардык тиешелүү тендерлер өткөрүлүп, катуу отун керектүү өлчөмдө сатылып алынды.

Биз кары-картаңдар, балдар жана майыптыгы бар чоңдор үчүн 8 жатак үйдү көмүр менен жылытабыз. Ошондой эле катуу отунда 2 медициналык-социалдык эксперттик комиссия жана 21 аймактык башкаруу бар. Ыңгайлуу жашоо жана иштөө шарттарын камсыз кылуу үчүн 1 953,2 тонна көмүр жеткирүүгө келишим түзүлгөн. Буга чейин 1 375,3 тонна жеткирилди", - деген министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан