Бишкек шаарында кайрымдуулук ат оюндары өттү (фото)

Бишкекте Республикалык ат спорт мектебинин базасында "Биз сени менен, Эркеайым!" аттуу ат оюндары болуп өттү. Бул тууралуу калаа мэриясынан кабарлашты.

Билдирүүдө айтылгандай, иш-чарага борбор калаанын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Виктория Мозгачева жана ардактуу коноктор катышты.

Спортчулар спорттук аттар менен «чабуу» (жогорку ат чабуу), аттардын шайыр карнавалын жана бийлеген аттардын синхрондук бийин көрсөтүштү. Мындан сырткары алар сүрөттөрдүн аукционун, бийик тоскоолдуктарды (190 сантиметр) басып өтүү боюнча сынакты, кол өнөрчүлүктүн кичи жарманкесин, ошондой эле аттарды тамактандыруу, минүү жана тактилдик байланышты өткөрүштү. Ошондой эле Эл артисттери да өнөрлөрүн тартуулашты.

Акциядан түшкөн каражаттын баары оор онкологиялык диагнозу – нейробластома менен ооруган 2 жаштагы Эркеайымдын дарылануусуна которулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан