Эмгек министрлиги интернаттар жана аймактык башкармалыктар үчүн 7 миллион 800 миң сомго көмүр сатып алды. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Төмөнкү-Серафимовка социалдык мекемесине барганда билдирди.
Министрдин айтымында, интернат мекемелерине, медициналык-социалдык эксперттик комиссияларга жана аймактык башкармалыктарды көмүр менен камсыз кылуу үчүн жалпы суммасы 8 миллион 700 миң сомго 30 келишим түзүлгөн.
"7 миллион 800 миң сомдон ашык каражат жеткирүүчүлөргө которулду. Калган каражаттар отун келип түшкөнүнө жараша которулат. Социалдык камсыздоо системасы 70 пайызга отун менен камсыздалган, анткени айрым башкармалыктарда кампалар жок болгондуктан, көмүр мүмкүнчүлүккө жараша ташылып келинип жатат.
Министрликтин жетекчилиги өткөн жылы дагы, быйыл дагы тиешелүү социалдык мекемелерди пландан тышкары текшерип жатат. Күндүн суукташын биз дайым көзөмөлгө алып турабыз", - деп маалымдады министр.
Ошондой эле министр мекемедеги 315 адамдын тамак-ашынын жана тейлөө кызматынын сапатын текшерүүгө алды.