Бүгүн, 6-декабрда Ош шаарынын борбордук аянтында камакка алынган Ахматбек Келдибековду бошотуу жана жумуштан алынган шаар башчы Мелис Мырзакматовду ордуна коюу талабы менен эл митинг өткөрүшүүдө.
Ош шаардык мэрдин милдетин аткаруучу Алимжан Байгазаков митингчилерди үшүбөй үйгө кетүүсүн суранды. Мындан сырткары эртең, 7-декабрда Мелис Мырзакматов келерин жана саат 9да эл менен жолугарын айтты.
Бул тууралуу аймактык кабарчыбыз Элира Чынтемир кызы билдирди.
Азыркы тапта митингчилер тарай башташты. Учурда аянтта болжол менен 200-250дөй адам турат.