Кыргызстандыктар ноябрь айында катары менен 4 күн эс алышат.
Маалым болгондой, бул 7-8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө байланыштуу.
"7-8-ноябрь быйыл дүйшөмбү, шейшембиге туура келет. Демек жарандар 5-ноябрдан 8-ноябрга чейин эс алат", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, өлкөдө 7-8-ноябрь күндөрү Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү 2017-жылдан бери белгиленип келет.