
Бүгүн, 28-октябрда Төө-Ашууда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө коюлган чектөөлөр алынды. Бул тууралуу "Кыргызавтожол" ишканасынан билдиришти.
"Бишкек-Ош унаа жолунда керектүү жерлерде жолду кардан тазалоо жана инерттик материалдар менен толтуруу иштери жүргүзүлүүдө.
Жолго чыккан айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөккө алмаштырууну, дөңгөлөктөрдүн чынжырчаларын жана күрөктөрүн алып жүрүүнү сунуштайбыз", - деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, кечээ, 27-октябрда Төө-Ашууда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилген.