"Эне тилге эки мүнөт" рубрикабызда "Таң кулан өөк болгондо", "көңүлү үч көчкөн журттай калуу", "жабылуу кара инген" фразеологизмдеринин маанилерине токтолобуз.
Таң кулан өөк болгондо - Таң атып келе жатканда, үрүл-бүрүлдө. Мисалы: "Таң кылайып сөгүлүп, кулан өөк болгондо" («Манас»).
Көңүлү үч көчкөн журттай калуу - Абдан нааразы болуу, аябай жек көрүү, жаман көрүү, ирээнжүү сезими пайда болуу. Мисалы: "Ысып барган делебем муздап, ойлогон оюм ордунан чыкпай, көңүлүм үч көчкөн журттай калып, үйгө кайтып келдим" (Бөлөкбаев).
Жабылуу кара инген - Көтөрүмдүү, жакшылык-жамандыкка чыдамдуу, токтоо, текебери жок, баарына бирдей мамиле кыла билген кадырман, элге-журтка алымдуу. Мисалы: "Айымкан ургаачынын жабуулуу кара ингени, болуштун зайыбы болсо да боорукер, алгылыктуу мүнөзү менен элге жаккан наабаттуу байбиче" (Бейшеналиев).