Мен көргөн бир күн: "Октун арасында калганда жашоом бүттү го дегем..."

SUPER.KG порталы ар бир кесиптин ээлеринин иш учурундагы башынан өткөргөн, өмүр бою эсинен кетпей турган окуяларын баяндоону улантат. Бул ирет журналист Максатбек Акылбеков ары сыймыктуу, ары түйшүктүү жумушундагы кызыктуу учурларды баяндап берет.

Акылбеков Максатбек Акылбекович 1994-жылы 4-июлда Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Бужум айылында төрөлгөн. Баткен мамлекеттик университетинин укук таануу адистигин аяктаган. Үй-бүлөлүү, бир уул, бир кыздын атасы. Учурда УТРКнын астындагы "Ала-Тоо 24" телеканалынын Баткендеги кабарчысы.

Каарманыбыздын журналистикага болгон сапары 2012-жылга барып такалат. Алгачкы эмгек жолу Баткен облустук мамлекеттик телерадиокомпаниясында оператор кызматынан башталган. Аталган телеканалда монтажёр, кабарчы, диктор кызматынан тартып, башкы телеоператор кызматына чейин жеткен. 2021-жылдан азыркы күнгө чейин "Ала-Тоо 24" каналында иштеп келет. Журналистика тармагына алгачкы аралашкан жылдарын маектешим мындай эскерет.

"Журналистика тармагына өтө эрте аралаштым. Баткен телеканалына барганда болгону 18 жашта болчумун. Бул тармак мага өтө кызыктуу, өтө сыйкырдуу жана табышмактуу сезилчү. Укук жаатында билим алганыма карабай, негедир телевидение мени өзүнө тарта берди. Бул тармакка өзүм аралашкандан кийин, чындыгында кызыктуу чөйрө экенин сездим. Ошон үчүн дагы башка тармакка кете алган жокмун. Башында бүт баарын абдан берилүү менен үйрөндүм. Оператор болуп жумушка алынганыма карабай, өзүмдү чектеген жокмун. Камера кармап, монтажды өздөштүрүп, андан кийин журналист болуп сюжет жасап баштадым. Мындан сырткары жаңылыктарды алып барып, диктор катары да иштедим, редактор-баяндамачы да болдум. Журналистиканын ар бир бөлүгү мен үчүн кызыктуу болду. Ар бир тармагында өзүмдү сынагым келди".

"Журналистика тактыкты, жоопкерчиликти, чыдамкайлыкты талап кылат. Башка кесиптерден айырмаланып, мында күнү-түнү кызматка даяр болуш керек. Сааты менен иштөө, майрам күндөрү эс алуу деген нерсе бизде жок", - деген маектешим жумуш учурундагы кызыктуу жана анын эсинде калган күндү мындай эскерди.

"Негизи биздин кесипте бир күнүбүз экинчи күнгө такыр окшобойт. Күн сайын жаңы адамдар, жаңы темалар, жаңы жерлер дегендей. Бирок өтө эсте калганы 14-16-17-сентябрда орун алган Тажиктсандын куралдуу кол салуусу учурундагы күндөр деп айтат элем. Анткени мен жумушума байланыштуу окуя болгон аймактарда жүрдүм. Себеби биздин башкы милдет калкка болуп жаткан окуяны так жана ыкчам жеткирүү болуп саналат. Менин эң эле эсимде калганы Кызыл-Бел айылында болгон учур болду. Эртең мененки саат 6:30 да ок атышуу башталганын угуп, 7:30 чамасында биздин теле топ дагы аталган аймакка бардык. Биз барган кезде айылдан жаш балдар, улгайган жарандар Баткен шаарына эвакуция болуп, жеринде бир гана эркектер калган экен. Биз кинодон көрүп жүргөн аткылоону, согушту ошондо өз көзүм менен көрдүм. Ок кадимки жамгырдай эле жаап жатты. Бир кезде тажик тарап ок атуучу оор техникасы менен бизге жакын жерге жардыруу жасады. Айылда эски имараттын жер түлөөсү бар экен, ошол жакка түшкөнгө аракет жасадык. Ал жакка түшкөнүбүздөн кийин, жарым саатан ашык убакыт аткылоо токтогон жок. Ошондо ойлодум, өлүп калуу оңой эле турбайбы деп. Жашоом бүттү, бул жактан аман чыкпайбыз го деген ой келди. Жашым 30га жакындаган болсо, жашап өткөн өмүрүм бүт баары көз алдыма келди. Бирок өзүмдү топтоп, аткылоо болуп жаткан учурда дагы, өз ишимди унутуп койгон жокмун. Ошол замат телефон аркылуу видео тартып, стендап жасап болгон окуяны көрүүчүлөргө чагылдырып берип жаттым. Кийин ошол сюжеттеримди көргөндөр "башкача эмоция менен сүйлөптүрсүң" деп айтышты. Андай кезде түрдүү ойлор келет экен да. Андан кийин биз жабыркагандардан кабар алып, ал жактан маалымат алалы деп Баткен шаарындагы облустук ооруканага келдик. Шаарда абал жакшы деп ойлогонбуз. Бирок биз шаарга келген кезде, тажик тарап облустун борборун да аткылап баштады. Ошондо үй-бүлөбүз, ата-эне, бир тууган, балдарыбыз эске келип, аларды коопсуз айылдарга эвакуация кылдык. Андан кийин кайра эле өзүбүздүн негизги жумушубузга кириштик. Талкаланган айылдар, жабыркагандар, согуш болуп жаткан жерлерден колдон келишинче өз убагында так жана туура маалыматты жеткирип турганга аракет жасадык. Ошол окуядан кийин мен Баткендеги эл чыныгы чек арачы, чыныгы патриот экенине дагы бир жолу ынандым. Себеби тажиктер куралдуу кол салуу кылып жатса дагы, колдорунда эч кандай куралы жок болсо дагы, өзүнүн жерин таштап кетип калбай, ошол жерде аягына чейин турушту. Мындай эр жүрөк элдин уулу экениме сыймыктанып кеттим. Бирок биздин ошончо эр азаматтар мекенебизди коргоп шейит кетишти. Мындан ары биздин жергебизде эч качан согуш болбой, дайыма тынчтыкта жашасак деп тилейм. Чек ара боюнча делимитация жана демаркация иштери эртерээк чечилип, биздин эл өзүнүн жеринде коркпой жашашын каалайм".

Жаңылыктар программасына биринчи жолу эфирге тартылганым эсимден кетпейт" деген Максатбек окуяны мындай баяндап берди.

"Биринчи жолу Баткен ТВнын "Алтын-Бешик" маалымат программасына тартылганда жаңы костюмдун этикеткасын албай эле эфирге тартылып койгом. Ал костюм да өзүмдүкү эмес, салондон ижарага алгам. Себеби күтүүсүз эле эфирге тартылып калгам. Эфирди көргөн тааныштарымдын баары менин эфиримди эмес, костюмумду айтышкан. Эфирге чыкканым менен куттуктабай, жаңы костюм кут болсун деп жазышканы эсимде. Ал күнү мен Бишкекке жөнөп жаткан учур болчу. Эфирге шашылыш тартылып, жолго чыккан элем. Шашып атып этикеткасына деле көңүл бурган эмес экенмин".

"Журналистика тармагын тандаганыма эч качан өкүнбөйм" деген маектешим бул кесиптин арты менен эл арасында урмат-сыйга ээ болуп, кадыр-барк топтогонун эң чоң жетишкендик деп эсептейт. Анткени жаш болсо дагы көп жылдык эмгегинин арты менен бир катар сыйлыктарга ээ болгон. Шаардык, райондук, облустук жана республикалык деңгээлдеги грамоталар, министрликтердин атайын медалдары, алкыш баракчалары менен сыйланган.

Каарманыбыз башка жаштардай болуп, борборго же чет өлкөгө кетсем деп кыялданбайт. Анткени өзүнүн жеринде, өзүнүн эли үчүн кызмат кылуу башкы милдетим деп билет.

"Башка жакка кетүүнү эч качан ойлогон эмесмин. Чек арадан баарыбыз кете берсек, кичи мекенибизде ким калат? Баткен - менин мекеним. Бул жерде менин ата-энем, бир туугандарым, досторум, жубайым, балдарым бар. Кандай гана учур, кандай гана окуя болбосун өз жеримден кетпей, өзүмдүн тармагым аркылуу элге кызматымды арнай берем. Бирок биздин аймакта да өнүгүү болуп, ийгиликтер жаралып, элибиз бакубатчылыкта жашаса экен дейм".

Каарманыбыз жакында эле экинчи ирет ата болгон

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан