Кечээ, 27-октябрдан тарта Жалал-Абад шаарына жылуулук бериле баштады. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Муниципалитеттен билдиришкендей, мэр Эрнисбек Ормоковдун буйругуна ылайык, шаардагы көп кабаттуу үйлөргө, социалдык мекемелерге толугу менен жылуулук берилүүдө.
Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарындагы 217 көп кабаттуу үйдүн 82си борборлоштурулган жылытуу системасына туташтырылган.