Ош, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облусунун жолдорунда кар көчкү түшүү коркунучу күтүлөт

5-декабрдан 7-декабрга чейин жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу бүгүн, 6-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.  
Маалыматка ылайык Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137- жана 198-265-чакырымдарында, Ош облусундагы Мырзаке -Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-90- жана 145-150-чакырымдарында кар көчкү түшүү коркунучу бар. 
Мындан сырткары Ысык-Көл облусундагы Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында, Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 62-100-чакырымдарында кар көчкүнүн түшүүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо унаалардын ортосундагы 500 метр аралык так сакталышы зарыл.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан