Кыргызстандык аял Индиянын аэропортунан 7,5 килограмм алтын менен кармалды

Индиянын Дели шаарындагы Индира Ганди атындагы эл аралык аэропортто Кыргызстандын жараны 7,5 килограмм алтынды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган деген шек менен бажы кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул тууралуу Ommcom News билдиргенин жергиликтүү басылмалар жазышты.

Маалым болгондой, аял 27-октябрда Кыргызстандан аэропортко келип, 4 алтын куймасын ич кийимине тигилген убактылуу чөнтөктөрүнө катып, мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган. Ал куймаларга документтерди көрсөтө алган эмес.

"Бажы кызматкерлери аткезчилик фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду", - деп жазылат маалыматта.

Кыргызстандык аял жергиликтүү соттун чечими менен 14 суткага камакка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан