Бишкектин Жайыл баатыр көчөсүнүн Чортеков жана Алыкулов көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн ачылышы болду.
Маалыматка ылайык, жаңы алты тилкелүү жол чыгыш-батыш багытындагы Орок айыл өкмөтү менен Бишкек шаарын байланыштырат.
Негизги жолдун боюнда жашаган шаар тургундарынын ыңгайлуулугу жана коопсуздугу үчүн жергиликтүү маанидеги жол каралган.
Белгилей кетсек, жол айланма болуп Муромская, Б.Алыкулов көчөлөрүн, ЖЭБ-2 өтмөгүн бириктирет. Бул борбор калаанын түштүк тарабында жайгашкан жолдордо тыгындарды азайтууга мүмкүндүк берет.