Өлкөдө 1-ноябрдан тарта коронавирустук инфекцияга байланыштуу өзгөчө кырдаал режими алынат. Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
"Мындай чечим өлкө аймагында COVID-19 боюнча эпидемиологиялык абалдын турукташуусуна жана коронавирустук инфекция оорусуна чалдыккандардын катталуусунун төмөндөшү уланып жатканына байланыштуу кабыл алынды", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, өзгөчө кырдаал режими өкмөттүн 2020-жылдын 22-мартындагы (№ 93-б) буйругу менен калктын коопсуздугун камсыз кылуу жана республика аймагында калк арасында массалык оорулардын алдын алуу боюнча ыкчам чараларды көрүү максатында киргизилген.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, учурда өлкөдө COVID-19 боюнча эпидемиологиялык абал турукташкан. Жарандардын арасында коронавирустук инфекциянын катталган бардык учурлары жеңил же симптомсуз түрдө өтүүдө, оор же өлүмгө алып келген учурлар катталган эмес.