Бүгүн,
6-декабрда Ош шаарынын мурдагы мэринин тарапташтары облустук мамлекеттик
администрациясынын алдында митингге чыгып, Мелис Мырзакматовдун укук коргоо
органдары тарабынан кармалгандыгын айтышкан.
Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы мурдагы мэр Мелис
Мырзакматов ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан
кармалбагандыгын билдирди. Мындан сырткары маалыматта "Жарандарга чагымчыл күчтөрдүн тузагынан алыс болгула деп кеңеш
беребиз" деп жазылат.