Олимпиада оюндарынын чемпиону Каныбек Осмоналиев жети миллионунчу Жакшылыкка өзүнүн алтын медалын тартуулады. Бул тууралуу Улуттук олимпиада комитетинен билдиришти.
Осмоналиев Жакшылыктын келечекте чыгаан спортчу болушун тилеп, бекем ден соолук каалады.
Мындан тышкары, олимпиадалык белектер жана Улуттук олимпиада комитетинин президенти Садыр Мамытовдун сүйүнчүсү тапшырылды.
Эскерте кетсек, Кыргызстандын жети миллионунчу жашоочусу Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында 19-октябрда таңкы саат 2:10дө төрөлгөн. Жети миллионунчу кыргызстандык Валижан Абдурасуловдун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Апасы - Айжаркын Сыраждинова, 1982-жылы туулган. Бул анын төртүнчү баласы. Ымыркайдын салмагы 3,9 килограмм, бою 54 сантиметр.
Жакшылык деген ысымды президент Садыр Жапаров ыйгарган.
Белгилей кетсек, Жакшылыктын депозиттик эсебине мамлекеттен 1 миллион сом которулуп, ал аны жашы жеткенде өз муктаждыктарына колдоно ала турганы айтылган.