Орусияда тазалык тармагында эмгектенген кыргызстандык акча уурдады делип 2 жарым жылга соттолду

Орусиянын Новосибирск шаарында 44 жаштагы кыргызстандык тазалыкчы жети миллион рубль салынган баштыкты уурдаганы үчүн 2 жарым жылга соттолду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Октябрь райондук сотунун сайты жазганын жергиликтүү басылмалар жазышты.

Маалым болгондой, Айнагүл Борбуева 2021-жылдын 4-ноябрында таңга маал Добролюбова көчөсүндөгү №1 үйдүн жанынан тротуардан ичинде акча салынган баштыкты байкап калып, аны алып кетип, окуя болгон жерден качып кеткен.

Кыргызстандык аял баштыктын ичинде акча жок болгонун билдирүүдө. Бирок сот ага карабай аны күнөөлүү деп таап, 2 жыл 6 айга түзөтүү колониясына кести.

Иштин далили катары ишкердин өзүнүн сөздөрү жана аялдын сумканы кантип алып жатканы видеокөзөмөлгө түшүп калган жазуулары көрсөтүлгөн. Тергөө учурунда аял СИЗОдо болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asmat84
2022-10-29 11:20:00
Байкушум ай орустардын туалетин тазалап көчөсүн шыпырып жүрсөң да ар кандай потставалар менен камап атышат
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан