Кыргызстан менен Исландиянын Орусиядагы элчилери кызматташтыкты талкуулашты

Кыргызстан менен Исландиянын Орусиядагы элчилери Гүлнара-Клара Самат жана Аурни Тор Сигурдс жолугушту. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-исландия мамилелеринин бир катар актуалдуу маселелерин талкуулап, эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен иш-чараларды активдештирүү зарылдыгын белгилешти.

Исландиянын гидроэнергетика, энергиянын кайра жаралуучу булактары жана геотермалдык булактар чөйрөсүндөгү бай тажрыйбасын жана компетенциясын эске алуу менен соода-экономикалык кызматташтыкты олуттуу өнүктүрүү максатында тараптар бул багыттар боюнча өз ара пайдалуу иш-чараларды жана долбоорлорду уюштурууга күч-аракетин жумшоону макулдашышты.

Тараптар Кыргызстан менен Исландиянын ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө өз ара даярдыгын билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан