Журналист Арзыгүл Галымбетова өз ажалы менен каза болгон жок. Бул тууралуу SUPER.KG порталына журналисттин бир тууган эжеси Тажигүл Галымбетова билдирди.
"Арзыгүл каза болгон күнү түнкү саат 22:00дөр чамасында мага WhatsApp аркылуу "эже кыжалат болбоңуз, менде баары жакшы" деп айткан. Ага чейин улам телефон чалсам албай жаткан. Анан эле саат 11:30да каза болуп калганын айтышты. Бирок мен сүйлөшкөндө ооруп жатканын, ооруканада экенин да айткан эмес. Мага түнкү саат 12:30да Арзыгүл жандандыруу бөлүмүнө түшүп калды деп чалышты. Шаарга жакын айылда жашайм, 10 мүнөткө жетпеген убакытта ооруканага жетип бардым. Ал кезде Арзыгүлдүн денеси муздак болуп калган экен", - дейт эжеси.
Маркум журналисттин эжесинин айтымында Арзыгүл Галымбетованын өлүмүндө бүдөмүк ойлор жана табышмактуу жагдайлар көп.
"Арзыгүлдүн ооруканага кечки саат 19:00 менен 20:00 ортосунда келгенин айтышты. Аны ооруканага жаткырып, дарылоо тапшырмасын башкы дарыгерге облустук администрацияда иштеген Айнагүл деген айым дайындаптыр. Эмнеге ооруканага кайрылганын деле билбейм. Бирок мага түнкү 12ден өткөндө кабар берип жатышат. Эртерээк айтышканда мен жетип бармакмын", - дейт ал.
Соттук отурумдардын жүрүшүндө белгилүү болгондой, дарыгерлердин сөзү бири-бирине дал келбей, окуяны ар кимиси ар башка айтып жатканын белгилейт.
"Ооруканада иштеген медайым Арзыгүлдүн оорукананын коридорунда, оозунан ак көбүк чыгып жатканын көргөнүн айтат. Укук коргоочулар болсо реаниматолог аны жандандыруу бөлүмүнө алып келгенде эле жашоонун белгилери жок, клиникалык өлүм абалында болгонун билдириптир. Терапия бөлүмүнүн дарыгерлери тескерисинче, ал учурда бейтаптын тирүү болгонун айтышыптыр", -дейт маркумдун эжеси.
Мындан сырткары журналисттин эжеси Арзыгүл Галымбетованы неврология бөлүмүнө жаткырылганын, бирок дарыгерлер астма оорусунан каза болду деп айтканына түшүнбөй жатканын айтат.
"Экспертизанын жыйынтыгы катуу нервтенүүдөн улам майда кан-тамырлары жарылып кеткен деген жыйынтык чыгарды. Дарыгерлер болсо сиңдимди астма оорусунан каза болду деп жатышат. Анда эмнеге неврология бөлүмүнө жаткырышты, мен ошого таң калам. Астма оорусуна каршы дары-дармек деле беришпептир. Мен анын бир тууганы катары айтып коёюн, Арзыгүл эч кандай астма оорусу менен ооруган эмес. Турмуштан ажырашкан мезгилде катуу кыжалат болуп жүргөндө тамагы ооручу. Бирок ооруканага барып, акыркы 8-9 жылдан бери тамагынын оорусу да калган. Арзыгүл өзүн өтө жакшы карап, өзүн баалаган адам болчу. Дайыма витаминдерди ичип, ден соолугуна жакшы кам көрчү", - деп билдирди.
Маркумдун эжесинин билдирүүсүнө караганда сиңдисинин ооруканага кантип барып калганы да бүдөмүк ойлорду жарат.
"Сиңдим ооруканага өз буту менен барган. Медайымга оорукананын төшөгүнө жата албайм, үйүмдөн барып өзүмдүн төшөктөрүмдү алып келейин деп чыгып кетиптир. Бир жарым саат өткөндөн кийин ооруканага кайра өзү келиптир. Бул аралыкта аны бирөөлөр чайга алып барыптыр. Ооруканадагылардын айтымында, сиңдим кайра кайтып келгенден көп убакыт өтпөй эле көкүрөгүм күйүп жатат деп улам бетин муздак сууга жууптур. Ошол күнү биздин бир таанышыбыз да атасын алып ооруканага жаткан экен. Ал коридордо аял киши "жардам бергиле" деп кыйкырып жатканын, чуркап чыкса оозунан ак көбүк чыгып, көгөрүп жатканын көргөнүн айтты. Кыскасы дарыгерлердин версиясы ар башка болуп жатат. Жоопсуз суроолор абдан көп", - дейт маркумдун бир тууганы.
Маркумдун жакындары бүгүнкү күнгө чейин журналисттин жеке ноутбугун таба албай жатышат. Анын эки мобилдик телефонун да алып, эки ай өткөндөн кийин кайра кайтарып беришкенин айтышты.
"Эки айдан кийин Арзыгүлдүн эки телефонун кайтарып беришти, телефонду ача алган жокпуз деп. Бирок эки телефону тең бүт тазаланган, сактаган контактылардан баштап бүт баары өчүрүлүптүр. Өзү колдонуп жүргөн ноутбугун бүгүнкү күнгө чейин таба албай жатабыз. Каякта экенин эч ким билбейт. Үйүндө да, жумушунда да жок", - деп билдирди.
Тажигүл Галымбетова буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жазган. Анда тергөө иштерин көзөмөлгө алып, адилеттүү жыйынтык чыгарып берүүнү өтүнгөн.
"Бүгүнкү күнгө чейин сот процесси жүрүп жатат. Сиңдимдин өлүмүнө шектелип кармалган Батмакан Жолболдуева үй камагына чыгарылган. Биз башында эле ага эч кандай дообуз жок экенин айтканбыз. Анткени Арзыгүл өзү да "Батмакандын сөздөрүнө көңүл деле бурган жокмун, бирок милицияга анын үстүнөн арыз жаз деп жатышат" деп айтып калды. Анан кайра эмне үчүн милицияга барып арыз жазды билбейм. Бирок мен айтат элем, Арзыгүл Батмакандын "түнкү көпөлөк" деген сөзү үчүн эле, өлүп калбайт болчу. Анткени ал ага чейин дагы буга окшогон сөздөрдүн далайын уккан. Элдин сөзүнө маани да берчү эмес, эл сүйлөй берет да деп өзүнүн кесиптик ишмердүүлүгүн жасай берчү. Мен Камчыбек Кыдыршаевичке сот процессин өз көзөмөлүнө алсын деп кайрылат элем. Мүмкүнчүлүк болсо, мени жеке кабыл алып, угуп койсо жакшы болмок", - дейт Галымбетова.
Арзыгүл Галымбетованын каза болгондон кийин, анын мекен алдында жасаган эмгеги бааланып, Баткен шаарындагы көчөлөрдүн бирине жана бала бакчага анын ысымы бериле турганы айтылган. Бирок анын жакындары бул демилге бүгүнкү күнгө чейин ишке ашпаганын айтышты.
Эске сала кетсек, чек арачы журналист атыккан Арзыгүл Галымбетова үстүбүздөгү жылдын 26-мартында Баткен облустук ооруканасында каза болгон. Ал АКИpress агенттигинин Баткен облусу боюнча аймактык кабарчысы, Баткен медиа борборунун журналисти болгон. Ал кыргыз-тажик чек арасы боюнча жасаган материалдары менен белгилүү.
Окуянын негизинде "байкоосуздуктан адам өлүмүнө алып келүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Иштин алкагында блогер Батмакан Жолболдуева кармалган. Бирок соттун чечими менен блогер үй камагына чыгарылган. Ал эми кийинки соттук отурум 3-ноябрга белгиленген.