Борбор калаада карызы бар 5 миңге жакын абоненттин электр энергиясы өчүрүлөт

Бишкек шаарында 31-октябрдан баштап карызы бар 4600 абонентке электр энергиясын берүү токтотулат. Бул тууралуу Чүй электр тармактар ишканасынан билдиришти.
Ага ылайык, электр кубатын аралыктан өчүрүү "акылдуу" эсептегичтер аркылуу ишке ашат. Ишкана карызы бар абоненттерди карызынан кутулууга чакырат.
Ишканадан билдиришкендей, керектөөчүлөргө ыңгайлуу болуш үчүн компаниянын сайтында "Абоненттин балансы" бөлүмү ачылган.
Ал жерден абоненттер өз эсеби жөнүндө маалыматтарды биле алат. Мындан тышкары, балансты күнү-түнү иштеген Call-борборлору аркылуу билсе болот. Ал үчүн телефон номерлер: 1209, (0772/0702/0556) 00-12-09. Муну менен катар эле (0556) 00-12-09 WhatsApp-номерине кайрылсаңыз сиздин эсеп тууралуу маалымат берилет.
Карызды Quickpay, Pay24, UMAI, KICB, MSТС (Касса-24), MegaCom, "О!", "Оңой" ("О!", MegaPay, UMAI, "Элсом" электрондук капчыктары) терминалдар аркылуу төлөөгө болот.
Мындан тышкары, "РСК Банк", "ДосКредоБанк", "Керемет Банк", "Бакай Банк", "Кыргызстан" коммерциялык банкы, "Халык Банк", КICВ, "Оптима Банк" банктарынын кассасынан же "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынан төлөө мүмкүнчүлүгү бар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан