Бүгүн, 29-октябрда борбор калаадагы Касымалы Баялинов атындагы балдар жана жаштар китепканасында англис тилинин орфографиялык “Spelling Bee” улуттук сынагы болуп өттү.
Аталган сынакка өлкөнүн жогорку окуу жайларынан эң мыкты деп тандалып алынган 24 студент катышты. Жыйынтыгында үчөө жеңүүчү деп табылып, аларга ноутбук, iPad, телефон жана ар бир катышуучуга сертификат тапшырылды. Эми алар ноябрь айында Ташкент шаарында өтө турган улуттук сынакка Кыргызстандын атынан таймашат.
Алардын бири Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин 4-курсунун студенти Бегимай Аильчинова сынак үчүн мыкты даярдык көргөнүн айтты:
"Бул сынакка биринчи ирет катыштым. Сөздөрдү, алардын айтылышын, жазылышын жаттап, сынакка жакшы эле даярдандым десем болот. Аны менен катар сөз корумду да байытып алдым", - деди ал.
Ал эми АКШнын Кыргызстандагы элчиси Соната Коултер сынак дээрлик 10 жылдан бери өткөрүлүп келе жатканын айтып, англис тили билимдин, түрдүү мүмкүнчүлүктөрдүн ачкычы экенин кошумчалады.
Белгилей кетсек, аталган сынак Кыргызстандын АКШ элчилиги жана "Лингва" инновациялык билим берүү фонду тарабынан ишке ашырылды.