Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 64479-аскер бөлүгүндө күзгү чакырылыштагы жаштардын толуктоосунун аскердик ант берүү аземи болуп өттү. Бул туралуу атайын кызматтын маалымат кызматы билдирет.
Иш-чарага УКМК башчысы Камчыбек Ташиев, 64479-аскер бөлүгүнүн өздүк курамы, УКМКнын ардагерлери, ошондой эле ата-энелер катышты.
Ачылыш аземинде Камчыбек Ташиев жаш жоокерлерге ак ниет кызматты, кынтыксыз тартипти жана бардык билимди жогорку деңгээлде өздөштүрүүсүн каалады. Ошондой эле аскерге милдеттүүлөрдүн аскердик милдетин өтөп, аскердик билимди өздөштүрүүсүнө бардык шарттар түзүлгөнүн белгиледи.