Түштүк Африка
Республикасынын алгачкы кара терилүү президенти, "Нобель" сыйлыгынын лауреаты
Нельсон Мандела 95 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу
бүгүн, 6-декабрда чет элдик басма сөз каражаттары жазып чыгышты.
Өлкө жарандары Манделаны Африка элине азаттык тартуулаган
лидер катары эскеришип, көздөрүнө жаш алышууда. ТАРдын учурдагы президенти Жейкоб Зума
да Манделаны Түштүк Африка мамлекетинде улуттук биримдикти түптөгөн улут
атасы катары баалап, аны жерге берүүдө мамлекеттен талап кылынган бардык милдеттер
аткарыларын билдирди.
Белгилей кетсек, Нельсон Мандела 5-декабрь саат 19:00дө Йоханнесбургдагы үйүнөн көз жумган. Анын кызы Маказиве Мандела
эки күн мурун атасы ажал менен арбашып жатканын айткан эле.
2013-жылдын
сентябрь айында Мандела ооруканалардын биринде пневмония илдетинен
дарылангандыгы кабарланган болчу. Андан соң үйүнө келип, өмүрүнүн соңку
мүнөттөрүн жакындары менен өткөрүп жаткан. Маалыматка караганда, 5-декабрь күнү
Нельсон Мандела жашаган үйдүн аймагына ар кыл үлгүдөгү автоунаалар келип токтой
башташкан. Мындан тышкары чет
элдик маалымат каражаттары кечээ, 5-декабрда Лондондо Манделанын өмүр баянын
чагылдырган “Эркиндикке умтулган узак сапар” аталыштагы кинотасманын бет ачар
аземи болгонун жазып чыгышкан. Ага экс-президенттин жакындары да чакырылган эле. Бирок Манделанын жакындары кино соңуна чыга электе эле кетүүгө
шашып калышкан. Тасма аяктаган соң көрүүчүлөргө Нельсон Манделанын көз
жумгандыгын кабарлашкан.
Улут атасынын
өлүмүнө байланыштуу мамлекет башчылары Түштүк Африка элине көңүл айтып, кайрат кылууга чакырышууда. АКШнын президенти Барак Обама “Нельсон Мандела өз
өмүрүндө абдан көп нерсеге жетишти. Ал элдин азаттыгы үчүн өз эркиндигинен баш
тартты” десе, Британиянын премьер-министри Девид Кемерон “Бүткүл адамзат үчүн жарыктыктын
улуу шооласы өчтү” деп билдирген.
Нельсон Мандела
1918-жылы жарык дүйнөгө келген. Ага адам укуктары үчүн аёосуз күрөшкөндүгүнө
байланыштуу 1993-жылы "Нобель" сыйлыгы тапшырылган. 1994-жылы 10-майда
Түштүк Африка Республикасынын 8-президенти болуп шайланып, бул кызматта 1999-жылдын 14-июнуна дейре отурган.