Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт. 30-октябрга карата аба ырайы

Эртең, 30-октябрда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунун маалыматында айтылат.

Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +6…+11;

Талас облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +5…+10;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +11…+16;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +11…+16;

Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +9…+14;

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаашы мүмкүн.

Абанын температурасы түнкүсүн +4…+6, күндүз +7…+9 градуска жетет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан