Министрлер кабинетинин төрагасы Лейлектеги социалдык объектилердин курулушу менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусуна жумушчу сапарынын алкагында Лейлек районундагы социалдык жана инфраструктуралык объектилердин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлайт.

Министрлер кабинетинин башчысы Тажикстан тараптан куралдуу агрессиянын кесепетинде жабыркаган Максат айылындагы милиция бөлүмүн жана фельдшердик-акушердик пунктту көрүп чыкты, анда капиталдык оңдоо жүргүзүлгөн.

Фельдшердик-акушердик пункт "Ас-Сафа борбору" коомдук бирикмеси тарабынан оңдолуп, учурда жашоочуларды кабыл алууда. Жалпысынан мекеме 900дөн ашуун жергиликтүү тургундарга медициналык жардам көрсөтөт.

Акылбек Жапаров ошондой эле Лейлек районунун Максат айылындагы турак жайлардын курулушу менен да таанышты. Ага учурда курулуп жаткан үйлөрдүн долбоорлору көрсөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан