Бишкекте жети миллионунчу кыргызстандыкка удаа төрөлгөн наристенин үй-бүлөсүнө 200 миң сом берилди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалым болгондой, ымыркайдан Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров кабар алып, анын үй-бүлөсүнө президенттин атынан сертификатты сүйүнчү катары тапшырган.
Ымыркайга Хамза деген ысым ыйгарылган. Ал үстүбүздөгү жылдын 19-октябрга караган түнү 2:25те төрөлгөн.
Ал эми өлкөнүн жети миллионунчу жараны Баткендин Кызыл-Кыя шаарында төрөлгөн. Ага президент Садыр Жапаров Жакшылык деген ысымды ыйгарган.