Учурда 500гө жакын адам Жети-Өгүз районуна караштуу Жеңиш айылындагы унаа жолун тосуп турат

Учурда 500гө жакын адам Жети-Өгүз районуна караштуу Жеңиш айылындагы унаа жолун тосуп турушат.  Алардын талабы - бүгүн, 6-декабрда саат 15тер чамасында кармап кеткен айыл активисти Сейитбек Куланбаевди бошотуу. Бул туурасында митингдин катышуучусу Абай Узаков билдирди.   

Анын айтымында, жолдун эки тарабында 100дөн ашык унаа өтө албай турат.

 "Жол тоосу Сейитбек Куланбаевди бошотконго чейин уланат",- деп кошумчалады Абай Узаков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан