Бүгүн, 31-октябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 13 миллиард 530 метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" АККсынан кабарланды.
Белгилүү болгондой, суу сактагычка суунун агып кириши секундасына 183 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 402 куб метрге жетүүдө.
Былтыр, 31-октябрда суу сактагычта 11 миллиард 967 куб метр суу бар болгон.