Түркиянын Бишкектеги элчилигинде өлкөнүн Республика күнү белгиленди

Түркиянын Бишкектеги элчилиги Түркия Республикасынын жарыялангандыгынын 99 жылдыгына карата кабыл алуу уюштурду. Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, коргоо министри Бактыбек Бекболотов, чет элдик дипломатиялык өкүлдөр, илимпоздор, ошондой эле кыргыз жана түрк коомчулугунун өкүлдөрү катышты.

Анда Түркиянын Бишкектеги элчиси Ахмет Садык Доган президент Режеп Тайып Эрдогандын 29-октябрь Республика күнүнө карата кайрылуусун окуду. Дипломат Түркия менен Кыргызстанды диний, тилдик жана маданий байланыштар байланыштырып турганын белгиледи. Ал Түркия Кыргызстандын эгемендүүлүгүн тааныган жана аны менен дипломатиялык мамиле түзгөн биринчи өлкө экенин эске салды. Элчи эки тараптуу кызматташтыктын мындан ары да бекемделишине жана түрк дүйнөсүнүн келечегине ишенимин билдирди.

Акылбек Жапаров өз кезегинде Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганга өлкө башчы Садыр Жапаровдун саламын жана куттуктоосун айтты. Министрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, Түркия өлкөнүн ири соода-экономикалык өнөктөштөрүнүн бири катары Кыргызстандын тышкы соода түзүмүндө өзгөчө орунду ээлейт.

"2019-жылы 94 миллион 500 миң доллар болгон Түркия менен түз инвестициянын көлөмү 2021-жылы 2,5 эсеге өсүп, 237 миллион 900 миң долларга жетти. Кыргызстандын Түркия менен тышкы соода жүгүртүүсү 2021-жылы мурунку жылдарга салыштырмалуу 1,5 эсеге өсүп, 412 миллион 200 миң долларды түздү", - деди ал.


Кошумчалай кетсек, Түркиянын Республика күнү 29-октябрда белгиленет. 1923-жылы 29-октябрда Түркия республика болуп жарыяланган. Негиздөөчүсү жана биринчи президенти – Мустафа Кемал Ататүрк.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан