Кечээ, 30-октябрда саат 23:52де Жалал-Абад облусунда күчү 2 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы Сейсмология институтунун маалыматына таянып билдирет.
Маалым болгондой, Өзбекстандын аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Ал Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ажек, Сумсар, Тенги айылдарында 2 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.