Кыргызстанда бир жумада (24-октябрдан 30-октябрга чейин) COVID-19 илдети 53 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинен билдиришти.
Алардын ичинен 14 адам ооруканага жаткырылган, 39у амбулатордук дарыланууда.
Маалымдалгандай, 2022-жылы 9 ай 23 күн ичинде 21 704 адам COVID-19га кабылган.