Бүгүнкү күндө Баткен облусунда Тажикстандын кол салуусунан улам ураган инфраструктураларды калыбына келтирүү иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Кабарлангандай, учурда ӨКМнын кызматкерлери 177 турак жайдын пайдубалын куюп жатышат, анын ичинен 164ү Баткен районунда, 13ү Лейлек районунда.
“138 үйдүн пайдубалын түптөө иштери бүттү. Анын ичинде 103ү Баткен районунда, 35и Лейлек районунда, ал эми Баткен шаарында 1, Баткен районунда 26 үйдүн дубалдарынын курулушу жүрүүдө”, - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Жарандык коргонуу комиссиялары тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүп, 661 үй тактап айтканда, Баткен шаарында 21, Баткен районунда 454, Лейлек районунда 186 турак үй зыянга учураган.
Анын ичинен 423 турак үй жашоого жараксыз абалга келип, 238 турак үй оңдоп-түздөөгө муктаж. Ал эми 11 административдик, стратегиялык, 27 социалдык объект, 335 сарай 197 жашоо тиричилик камсыздоочу объект, унаа өтүүчү 1 көпүрө зыянга учураган.
Эскерте кетсек, Тажикстандын куралдуу кол салуусу үстүбүздөгү жылдын 14-16-17-октябрь күндөрү орун алган. Анын кесепетинен 63 Кыргыз жараны шейит кетип, 200гө жакыны жабыркаган. Коопсуз жайга эвакуация болгондордун саны 200 миңге жакындаган.