Менчик ишкана Октябрь районундагы таштандыларды чыгаруудан баш тартты. Себеби

Бишкек шаарынын Октябрь районундагы катуу тиричилик таштандыларын кайрадан "Тазалык" муниципалдык ишканасы тейлей баштады.

Шаардык бийликтен билдиришкендей, 29-октябрдан тарта «Комтранском» менчик ишканасы Октябрь районун тейлөөнү токтоткон.

Жогорудагы компания 2016-2022-жылдар аралыгындагы топтолгон 12 миллион сом карызы үчүн келишимди бузуп, районду тейлөөдөн баш тартканы маалымдалды.

Маалымат үчүн: Борбор калаада таштанды үчүн бир адам айына 22,50 сом төлөйт. Учурда Октябрь району боюнча линияда 17 даана атайын техника иштеп, 133 тонна таштанды чыгарылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан