Ноябрдын биринчи күнүнө карата аба ырайы тууралуу маалымат

Эртең, 1-ноябрда өлкө аймагында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан, ал эми тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрүндө жаан-чачын болбойт.

Бул тууралуу Кыргызгидрометтин маалыматында айтылат.

Кабарлангандай, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +0…+5, күндүз +14…+19,

Талас облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +14…+19,

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +14…+19,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +9…+14,

Нарында түнкүсүн -2…-7, күндүз +6…+11.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +1…+3, күндүз +17…+19.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан