Садыр Жапаров Индиянын премьер-министрине көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Индиянын премьер-министри Нарендра Модиге Гуджарат штатында көпүрө кыйрап, адамдар каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

"Индиянын Гуджарат штатындагы Морби шаарында асма көпүрө кыйрап, андан улам каза болгондор тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Бүткүл кыргыз элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан каргашалуу окуяда каза болгондордун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Жабыркаган жарандардын тезирээк сакайып кетишин тилейм", - деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

Белгилей өтсөк, Индиянын Гужарат штатында асма көпүрө кыйрап, 120 адам каза болгону маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан