"Сосновка" постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилди

Бүгүн, 31-октябрда Бишкек-Ош унаа жолундагы "Сосновка" постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бороон болуп жана жол тайгак болгондугуна байланыштуу кырсыктарды алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында саат 15:45тен тартып Жайыл районунун "Сосновка" постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилди.

"Урматтуу айдоочулар, алыскы сапарга чыккан учурда унаага керектүү дөңгөлөк чынжырчасын, күрөк жана ысык суу, азык, дары кутучасы менен камсыз болуңуздар! Ошондой эле унаалар ортосундагы 500 метр аралыкты сактоону унутпаңыздар!", - деп жазылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан