Жаза аткаруу кызматынын делегациясы казакстандык кесиптештери менен тажрыйба алмашты

Жазаларды аткаруу кызматынын делегациясы иш сапары менен Казакстандын Ички иштер министрлигинин Костанайдагы академиясына барды. Бул тууралуу бүгүн, 1-ноябрда ЖАКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, топтун курамына ЖАКнын окуу борборунун башчысы Б.Абдрахманов, ЖАКнын Башкы штабынын башчысы Б.Калыгулов, эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн кызматкери жана ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин өкүлү кирди. Иш сапардын негизги максаты Казакстандын Жазык-аткаруу тутумунун комитетине баш ийген жаза аткаруу мекемелеринин кызматкерлерин окутуу боюнча тажрыйба алмашуу экендиги айтылат.

"Эки күндүк иш сапарынын алкагында ЖАКнын делегациясы экстремисттик идеологияга каршы туруу жаатында пробация кызматынын адистерин жана пенитенциардык тутумдун адистерин даярдоочу борборлордун иши менен таанышты. Мындан тышкары коноктор үчүн Казакстандын пенитенциардык тутумунун жана анын кадрдык курамынын презентациясы көрсөтүлдү, пенитенциардык тутумдун окуу комплексине экскурсиялар өткөрүлүп, академиянын музейин көрсөтүштү", - деп айтылат маалыматта.

Жолугушуулардын жүрүшүндө милиция кызматкерлеринин билимин жана тарбиясын уюштуруу, академиянын илимий ишмердүүлүгү, экстремисттик жана террористтик мүнөздөгү кылмыштар үчүн соттолгондорду де-радикализациялоо жаатындагы кызматкерлердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу, психологиялык билим берүүнүн өзгөчөлүгү сыяктуу маселелер каралды.

"Жаза аткаруу тумунунун кызматкерлерин соттолгондор менен иштөөгө даярдоо, пробация кызматынын потенциалын жогорулатуу жана башка темалар талкууланды. Иш сапардын көрүнүктүү жыйынтыктарынын бири болуп Костанай академиясы менен ЖАКнын Окуу борборунун ортосунда билим берүү жана илимий-изилдөө иш-чаралары боюнча өз ара кызматташуу тууралуу меморандумдун түзүлгөнү саналат. Мунун аркасында нормативдик, укуктук, билим берүүчү, статистикалык жана башка эки тарапты кызыктырган маалыматтарды алмашуу мүмкүн болот", - деп жазылат анда.

Мындан тышкары билим берүү жана агартуу тармагында биргелешкен илимий-изилдөө жана илимий-практикалык иш-чараларды жүргүзүү пландаштырылып жатканы кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан