Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Азербайжандын мамлекеттик академияларынын ректорлору, Ханнс Зайдель атындагы фондунун өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирет.
Маалымдалгандай, тараптар заманбап дүйнөдө мамлекеттик башкарууну жана мамлекеттик кызматты өркүндөтүү багыттарын, мамлекеттик кызматкерлерге билим берүү маселелерин талкуулашты.
Мындан тышкары мамлекеттик кызматтын артыкчылыктуу багыттарынын бири катары электрондук өкмөттү түзүү, мамлекеттик башкаруунун жаңы концепцияларын, борбордук жана жергиликтүү бийлик органдарында мамлекеттик кызматтын стандарттарын иштеп чыгуу маселеси талкууланды.
Иш-чаранын катышуучулары ошондой эле аткаруу бийлигинин жаңы структурасынын алкагында Кырзстандын тажрыйбасын жана мамлекеттик программаларды ишке ашыруу механизмдерин талкуулашты.
Белгилей кетсек, жолугушуу президентке караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы мамлекеттик башкаруу академиясынын 30 жылдыгын жана Кыргызстандагы Ханнс Зайдель фондунун долбоордук ишмердүүлүгүнүн 20 жылдыгын белгилөө алкагында уюштурулду.