Ош облусунун аймагында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалымдалгандай, жер титирөө кечээ, 1-ноябрь күнү саат 10:35те болгон.
"Чоң-Алай районунун Ачык-Суу айылында 3,5 балл, Кашка-Суу айылында 3 балл, Кара-Кабак, Сары-Могол, Кабык, Даарот-Коргон, Кызыл-Эшме айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген", - деп айтылат билдирүүдө.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.