Садыр Жапаров: "Комиссиянын төрагасы кылып Мадумаровду шайлап берсеңер дедим эле, макул болбой койгон окшойт"

"Комиссиянын төрагасы кылып Мадумаровду шайлап берсеңер" дедим эле, тилекке каршы, макул болбой койгонбу, айтор Исхак Масалиев комиссиянын төрагасы болуптур. Мейли кимиси болсо да, "Кумтөргө" барышсын, ийне-жибине чейин текшерип келишсин, анан элге жарыя кылышсын. Мындай пикирин президент Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине берген кезектеги маегинде билдирди.

Анда мамлекет башчысы "Кумтөр" боюнча депутаттык комиссия түзүлгөнүн билдирген.

"Айрым ою бузук жарандар, бир депутатыбыз шек санап, "Жапаровдор алтын уурдап жатат, 19 тонна алтын жоголуптур", - деп жалаа жабууга аракеттерди кыла башташканда өзүм демилге көтөрүп, "депутаттардан турган комиссия түзгүлө" деп эл өкүлдөрүнөн сурандым. Канча алтын казылыптыр, кайда сатылыптыр, канчасы Улуттук банкта сакталуу экен, уурдалыптырбы же уурдалбаптырбы – баарын айтып беришсин. Кыргызстандын тарыхында чогулбаган көлөмдөгү алтын бүгүнкү күндө чогулуп, Улуттук банкта сакталып турат. Өз көздөрү менен көрүп келишсин", - дейт президент.

Садыр Жапаров "Кумтөр" алтын кенин кайтарып алган учурда жакын туугандарына анын ишмердүүлүгүнө аралашпоону эскерткенин билдирди.

"Биз "Кумтөрдү" кайтарып алган күнү эле тааныш-билиштерибиз "жумушка киргизип койсоңор" деп эшик кага башташты. Мен бардык туугандарымды чогултуп алып: "Кумтөргө" жолобогула, бир дагы кишини жумушка киргизбегиле. Кийин ар кандай болуп "Кумтөр" иштебей калса, “мына, силер адис эмес адамдарды киргизип атып, иштете албай калдым" деген сөзү болот”, - деп айттым. “Жоопкерчилик Теңгиз мырзанын өзүндө болсун. Бошогон орундар болсо, өзү кызматка алып, өзү жооп берсин” деп Теңгиз мырзанын өзүнө толук укук бергем. “Бир килограмм эт, бир килограмм картошка дагы сатпагыла. Кыскасы, жакындашпагыла” дегем.

Ошол күндөн ушул күнгө чейин бир дагы жакын тууганым "Кумтөр" менен иш кылбайт. Теңгиз Бөлтүрүккө биринчи күндөн баштап какшап айтып келдим. "Теңгиз мырза, мындан ары сиз чет мамлекеттерде жеке менчик ишкананы башкарып жүргөндөй башкарбаңыз. "Кумтөр" мамлекеттик ишкана болот. Каражаттарды оңго-солго чачпаңыз. Мамлекеттин укуругу узун. Бир сомдун артынан издеп барат. Буга чейин “Кумтөрдөн” жеп келгендердин оозун тигиңиз. Өзүңүз да уурдабаңыз. Таза иштеңиз", - деп "Кумтөрдүн" бир тыйынына да аралашкан жокмун.

Ошондон баштап эле “таза иштеп жатам” деп бизди ынандырып келген. Биз болсо "Кумтөр" Кыргызстанга толук өткөнгө чейин ызы-чуу кылбай туралы деп текшерүү жибербей турдук. Анан “Кумтөр” Кыргызстандын энчисине толук өтөрү менен Эсеп палатасын жибердим, 3 ай текшерип келишти. Сатып алууларда коррупциялык элементтер аныкталды. Жыйынтыгында Теңгиз мырза жана башка тиешеси бар жетекчилер камалды. Азыр тергөө жүрүп жатат", - деп белгиледи Жапаров.

Президент белгилегендей, "Кумтөр" боюнча бардык маалымат эл үчүн ачык болот. Эгерде Эсеп палатасы же мамлекеттик органдар көрбөй-билбей калган кемчиликтери болсо түзүлгөн депутаттык комиссиянын жардамы менен ачыкталарына ишенимин айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Antiradikal11
2022-11-02 19:36:00
Олор олгучо актана берет экен да, эл келесоо, ишенет деп
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан