Өлкөдө айрым ашуулар унаа кыймылы үчүн жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматында айтылат.
Маалым болгондой, аба ырайынын шарттарына байланыштуу Нарын облусундагы Калмак-Ашуу жана Кынды ашуулары, ошондой эле Жалал-Абад облусундагы Молдо-Ашуу жана Сары-Кыр ашуулары аркылуу унаалар өткөрүлбөйт.
"Аталган ашууларда учурда кар жаап жаткандыктан жол кырсыктарын алдын алуу максатында чектөөлөр киргизилди", - деп айтылат билдирүүдө.