31-октябрда Саламаттыкты сактоо министрлиги Орусия Федерациясынан мобилдик жабдууларды алды. Бул тууралуу аталган мекемеден маалымдашты.
Билдирүүдө айтылгандай, жардам Роспотребнадзор тарабынан Чыгыш Европа, Кавказ жана Борбордук Азия өлкөлөрүндө жугуштуу оорулардын алдын алуу жана диагностикалоо кызматтарын колдоонун алкагында көрсөтүлдү.
Мобилдик жабдууларды тапшыруу аземине саламаттыкты сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева жана мобилдик медициналык комплекстерди иштеп чыгуучу жана чыгаруучу "ДжиСиМед" ЖЧКсынын директорунун орун басары Светлана Хилькевич катышты.
Министрдин орун басары Бүбүжан Арыкбаева орус тарапка эффективдүү эпидемиологиялык көзөмөлдөө тутумун түзүп, Кыргызстанда жугуштуу оорулардын алдын алуу жана диагностикалоону жакшыртуу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.