Бүгүнкү күнгө карата аба ырайы тууралуу маалымат

Бүгүн, 3-ноябрда түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоо этектеринде, тоолуу райондордо кар жаайт. Талас, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдайт.

Ал эми күндүз Нарын облусунун айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +4…+9, күндүз +9…+14,

Талас облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +7…+12,

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +11…+16,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +8…+13,

Нарында түнкүсүн 0…-5, күндүз +6…+11.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +7…+9, күндүз +12…+14.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан