Саламаттык сактоо министрлиги Орусиядан көчүп жүрүүчү эки комплекс алды

Орусия Кыргызстанга жугуштуу ооруларды аныктоочу мобилдик жабдууларды берди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирет.
Маалым болгондой, жардам Роспотребнадзор тарабынан Чыгыш Европа, Кавказ жана Борбордук Азия өлкөлөрүндө жугуштуу оорулардын алдын алуу жана диагностикалоо кызматтарын колдоонун алкагында көрсөтүлдү.
Мобилдик жабдууларды тапшыруу аземине Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева жана мобилдик медициналык комплекстерди иштеп чыгуучу жана чыгаруучу "ДжиСиМед" ЖЧКсынын директорунун орун басары Светлана Хилькевич катышты.
Министрдин орун басары Бүбүжан Арыкбаева Орусия тарапка эффективдүү эпидемиологиялык көзөмөлдөө тутумун түзүп, Кыргызстанда жугуштуу оорулардын алдын алуу жана диагностикалоону жакшыртуу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.
Тапшырылган КамАЗ үлгүсүндөгү унаанын негизинде көчмө дарылоо-профилактикалык комплекс Нарын облусундагы СПИДдин алдын алуу жана ага каршы күрөшүү борборуна, ал эми ГАЗОН унаасынын негизиндеги көчмө эмдөө комплекси республикалык иммунопрофилактика борборуна өткөрүлүп берилди.
Ошондой эле эмдөө программасына ылайык, быйыл гепатиттин В түрүнө каршы 450 миң доза вакцинанын алып келиниши күтүлүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан