Ош облусунун Кара-Суу районунда өрт өчүрүүчүлөр 4 адамдын өмүрүн сактап калышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Кара-Суу районуна караштуу Жийделик айылында жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө жалпы 4 бөлүм тартылган", - деп айтылат билдирүүдө.
Маалымдалгандай, өрт учурунда турак үйдөн өз убагында 2 аял киши, 2 кыз эвакуацияланган. Алардын абалы жакшы. Ал эми жабыркагандар жок экени айтылды.
Министрликтин маалыматы боюнча тилсиз жоо саат 06:13тө чектөөгө алынып, саат 09:10до толук өчүрүлдү.
Ал эми акыркы суткада өлкө аймагында 8 өрт кырсыгы катталып, аны өчүрүүгө 11 бөлүм тартылды.