Кытай Баткен облусунун тургундарына 100 миң доллар өлчөмүндө гуманитардык жардам берет. Бул тууралуу кечээ, 2-ноябрда Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров менен Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэндин жолугушуусу учурунда белгилүү болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Мындан сырткары, тараптар Кытайдын тышкы иштер министри Ван Инин Кыргызстанга болгон сапарынын жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды иш жүзүнө ашыруу маселелерин талкуулашты.